View the daily substitution changes to your timetable. The latest substitution was published on: 3/4/2026
News
Substitution
User accounts
🌍 MAARIF MUN 2025 — Дипломатия тилинде сүйлөгөн жаштар
11-октябрда Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучулары Бишкектеги Maarif Educational Complex тарабынан уюштурулган Бириккен Улуттар Уюмунун Моделине (MUN) катышышты.
Модель БУУ — жөн гана конференция эмес.
Бул — окуучулар ар кайсы өлкөлөрдүн делегаттары болуп, дүйнөлүк маселелерди талкуулап, дипломатияны, лидерликти жана ой жүгүртүү чеберчилигин үйрөнгөн платформа. 🇺🇳🧩 Иш-чарага төрт команда катышты:
— Ч. Айтматов атындагы лицей
— Токмок лицейи
— UWIS
— Maarif Educational ComplexБиздин лицеисттер иш-чарада өзүн ишенимдүү көрсөтүп, так жана терең ой жүгүртүү менен лицейди татыктуу тааныштырышты.
✨ Конференциянын жыйынтыгында лицеисттер “Эң мыкты делегаттар” номинациясы менен сыйланышты — бул алардын билимин, ишенимин жана сүйлөө чеберчилигин тастыктаган жогорку баа болду. 👏
News archive